2025-жылдын 17-18 апрелинде Сокулук районунун мектепке чейинки билим берүү жана жалпы орто билим берүүчү уюмдарынын арасында жыл сайын уюштурулуучу «Жылдын мыкты мугалими-2025» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы-2025» республикалык кароо- сынагнын 2 этабы өткөрүлдү.
Жалпы билим берүү уюмдарынын арасында:
ГРАН-ПРИни Бегималы Джамгырчинов атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Акматова Бегим Ажимбековна
1-даражадагы грамота менен Эколого-Экономикалык мектеп-лицейинин башталгыч классынын мугалими Габдрахманова Саида Тохировна
2-даражадагы грамота менен Ат-Башы мектеп-лицейинин орус тили жана адабият мугалими Ахмедова Зарина Махмудовна
3-даражадагы грамота менен Керимбүбү Шопоков атындагы #3 мектеп-лицейинин математика мугалими Мамбеталиева Жазира Сүйүналиевна багындырышты.
Ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан
1-даражадагы грамота менен «Алтын-Уя» КТ бала бакчасынын тарбиячысы Оболканова Нүргүл Мукаевна
2-даражадагы грамота менен Сокулук #3 бала бакчасынын тарбиячысы Бактыбекова Бегимай Бактыбековна
3-даражадагы грамота менен Чат-Кель бала бакчасынын музыка сабагынын тарбиячысы Нуркулова Асия Бектурсуновна багындырышты.
Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңештин депутатары Кенжебаев А.Б Гран-Принин жеңүүчүсүнө Вьетнамга жолдомо, Сокулук райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-Аким Ташкулов И.А 50000 сом сыйлык, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сатарбаева Т.А «Билим ордо» мугалимдер фондунун төрагасы Жумшалы уулу Съездбек жана Чүй облусунун координатору Мамбеталиев Таалайбек Кадыркулович жеңүүчүлөрдү кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлашты.
Андан тышкары Сокулук райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин төрайымы Качкынбаева А.Б конкурстун жеңүүчүлөрүн муздаткыч, плита, сын алгыч (телевизор) жана башка кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйлашышты.
Жеңүүчүлөр Республикалык конкурска жолдомо алышты!
Комментарии